KitchenAid KCVWX 20600L Mode d'emploi Page 6

  • Télécharger
  • Ajouter à mon manuel
  • Imprimer
  • Page
    / 32
  • Table des matières
  • MARQUE LIVRES
  • Noté. / 5. Basé sur avis des utilisateurs
Vue de la page 5
6
Сактык чаралары жана жалпы сунуштамалар
ОРНОТУУ
Шайманды эки же андан көп киши урунуп,
орнотушу керек.
Шайманды жылдырганда жертаманды (мис.,
паркетти) бузуп албагандай болуңуз.
Орнотуу учурунда шаймандын кубат кабели
зыян тартпагандай болсун.
Шайман жылуулук булагынын жанына
орнотулбашы керек.
Туура желдетүүнү кепилдеш үчүн шаймандын
эки жагынан жана үстүнөн орун калтырып,
орнотуу нускамаларын аткарыңыз
Шаймандын желдетүү жылчыктарын бөгөбөңүз.
Шаймандын муздатуучу айлампа түтүктөрүн
бузуп албаңыз.
Шайманды анын салмагына чыдагандай күчтүү
жертамандын үстүнө жана анын өлчөмүнө жана
колдонулушуна ылайыктуу жерге орнотуп,
тегиздеңиз.
Шайманды кургак жана жакшы желдетилген
жерге орнотуңуз. Шайман температурасы баа
табагында көрсөтүлгөн климаттык класска
ылайык кийинки арымдардын ичинде болгон
жайларда иштетүүгө арналган. Шайман
көрсөтүлгөн арымдан тышкаркы температурада
көп убакытка калып калса, туура иштебей
калышы мүмкүн.
Баа табагында көрсөтүлгөн чыңалуу үйүңүздөгү
чыңалууга туура келиши керек.
Жалгыз/көп адаптерлерди же узарткычтарды
колдонбоңуз.
Сууга туташтырганга жаңы шайман менен
берилген түтүктү колдонуңуз; мурунку
шаймандыкын кайра урунбаңыз.
Кубат кабелин өзгөртүү же алмаштыруу
ишбилги кызматкер же Сатуудан кийинки
кызмат тарабынан гана аткарылышы керек.
Мамлекеттик коопсуздук стандарттарына
ылайык шайманды кубат жеткирүүдөн сууруу
же ажырымга чейин орнотулган эки уюлдуу
которгучтун жардамы менен өчүрүү мүмкүн
болушу керек.
КООПСУЗДУК
Бул шаймандын ичинде бат тутанма газ
камтыган чачыратма калайлар сыяктуу жарылып
кетиши мүмкүн болгон заттарды сактабаңыз.
Бул же башка электр шаймандарына жакын
жерде нефть, бат тутанма суюктуктарды же газ
сактап же иштетпеңиз.
Алардын жыты өрт чыгышына же жарылууга
алып келиши мүмкүн.
Эрүү процессин ылдамдатууга Өндүрүүчү
сунуштагандан башка механикалык, электр же
химиялык каражаттарды колдонбоңуз.
Өндүрүүчү ачык уруксат берген типте болбосо,
электр түзмөктөрүн шаймандын бөлүмдөрүнүн
ичине салып же колдонбоңуз.
Бул шайман физикалык, сенсордук же
менталдык мүмкүнчүлүктөрү чектелген же
тажрыйбасы же билими аз кишилер (анын
ичинде балдар) тарабынан, алардын коопсуздугу
үчүн жооптуу киши аларга шайманды колдону
боюнча көзөмөл же нускама жасабаса,
колдонууга арналган эмес.
Балдар камалып калып, аба жетпей калышына
жол бербеш үчүн аларга шайман менен ойноп
же ичине жашынганга уруксат бербеңиз.
Муз таңгактарынын ичиндегини (уулуу эмес)
жутпаңыз (айрым моделдерде).
Муз кертимдерин же соруучу момпосуйларды
тоңдургучтан аларыңыз менен жебеңиз, мындан
үшүккө алдыруу болушу мүмкүн.
КОЛДОНУУ
Кандай болбосун тейлөө же тазалоо ишин
кылардан мурда шайманды кубат жеткирүүдөн
сууруңуз, же башкача ажыратыңыз.
Автоматтык түрдө муз жасагыч жана суу куйгуч
менен жабдылган шаймандардын баары
(тармактын суу басымы 0,17 - 0,81 МПа (1,7 -
8,1 бар) болгон) ичүүчү суу жеткирген суу
жеткирүүгө гана туташтырылышы керек. Суу
түтүгүнө түз туташпаган автоматтык түрдө муз
жасагычтарга жана/же суу куйгучтарга ичүүчү
сууну гана куюш керек.
Муздаткыч бөлүмүн жаңы тамакты сактаганга,
ал эми тоңдургуч бөлүмүн тоңдурулган тамакты
кармаганга, жаңы тамакты тоңдурганга жана
муз кертимдерин жасаганга гана колдонуңуз.
Тоңдургуч бөлүмүнө ичинде суюктук бар айнек
идиштерди койбоңуз, алар сынып калышы
мүмкүн.
Муздаткыч же тоңдургуч бөлүктөрүнүн ички
беттерине тамакты оробой тийгизип койгонго
жол бербеңиз.
Үстүңкү кеңеш жана сактык чаралары
аткарылбаса, Өндүрүүчү кандай болбосун
жоопкерчиликти четке кагат.
Климат классы Чөйрө T. (°C) Чөйрө T. (°F)
SN (Субнормал) 10 - 32 50 - 90
N (Нормал) 16 - 32 61 - 90
ST (Субтропик) 16 - 38 61 - 100
T (Тропик) 16 - 43 61 - 110
Vue de la page 5
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 ... 31 32

Commentaires sur ces manuels

Pas de commentaire